Connect with us

Президент Марипов тууралуу: Анын келечеги алдыда

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 3377 | 0

Бүгүн, президент Садыр Жапаров Өкмөттүн курамын таркатты. Аны менен кошо Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун да отставкасын кабыл алды.

Өлкө башчы министрлер кабинетинин төрагасынын милдетин аткаруучу кылып Акылбек Жапаровду дайындады. «Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт. Өкмөттүн башына Акылбек Жапаровду сунуштадым. «Эмне себептен алмаштырды?» деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү — казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия, жөлөк пулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз. Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. «Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам», — деп сөз берди. Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, Өкмөт башына коюп, убакыт берели», — деп билдирген президент Садыр Жапаров.

Ал эми Мариповдун кызматтан кетиши тууралуу «Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда», — деп комментарий берген.

Белгилей кетсек, 11-октябрда министрлер кабинетинин башчысы жана курамы алмашары тууралуу кептер айтылган.

Президент: Акылбек Жапаровду сындабай, ага убакыт берели

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM