Connect with us

Президент: Акылбек Жапаровду сындабай, ага убакыт берели

Кыска кабар | 12 Окт 2021 | 1619 | 1

Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин төрагасынын алмашуусу жана жаңы курамы боюнча Инстаграмдагы баракчасына түшүндүрмө жазды.

Анда Министрлер кабинетинин төрагалыгына Акылбек Жапаровду эмне үчүн сунуштаганын жана Улукбек Мариповдун иштен кетүүсү боюнча да комментарий берген.

Тексттин толугу төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен көптөн бери Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан «Министрлер Кабинети жөнүндө» мыйзамга кечээ кол койдум, ал күчүнө кирди. Убакытты создуктурбай, дароо эле Министрлер Кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Башмыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм.

Айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталды.

Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам.

Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт.

Өкмөт башчысы алмашат.

Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым.

«Эмне себептен алмаштырды?» деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү — казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия, жөлөк пулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.

Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик.

«Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам», — деп сөз берди.

Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, Өкмөт башына коюп, убакыт берели.

Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, «ичкен-жеген» деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот.

Анын иштерин текшерип турганга күчүм да, убактым да жетет.

Эң негизгиси өзүм таза болсом, баары таза болот. Өзүм казынага кол салсам, анда баары ага кол сала башташат.

Мен мурункулардын катасын кайталабайм.

Менин көзөмөлүмдүн астында «Кумтөр» маселесин бүтүрдү. Быйылкы бюджетти турукташтырды.

Казынага 24 миллиард сом кошумча акча түштү. Жетим-жесирлердин жөлөк пулдарын 100 пайызга чейин көтөрүп жатабыз.

Ошондой эле Туруктуулук фонду түзүлүп жатат. Жана башка бир далай иштерди аягына чыгарды.

Алдыда дагы бир топ иштер бар. Ошон үчүн убакыт берели.

Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда».

1 пикир

1 пикир

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM