Биз менен байланышыңыз

Бир мандаттуу округдан талапкер болууну каалагандар 187ге жетти

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 10 Окт 2021 | 388 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу округдан талапкер болуу ниетин билдиргендердин саны 187ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Талапкерлердин ичинен Сейит Атамбаевди «Социал-демократтар» саясий партиясы (№25 Аламүдүн округу), Алтынбек Сулайманов (№5 Ноокат округу) менен Алмаз Тарыкбаевди (№31 Чүй-Кемин округу) «Альянс» саясий партиясы көрсөтсө, калгандары өздөрүн өздөрү көрсөткөн.

Ошол эле учурда 70тен ашуун партия шайлоого катышуу ниетин билдирген.

Талапкерлерди каттоо 13-октябрда, ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM