Биз менен байланышыңыз

Абдурахман Халдаров: Инсулиндин зыяны жок

Организмде кант аябай көбөйүп кеткенде, баш айланып, кускусу келет. Бул тууралуу эндокринолог Абдурахман Халдаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Дарыгердин айтымында, баш айлануу — кант диабетинин белгиси, канда канттын деңгээли жогорулап кеткенде баш айланат, жүрөк айланат, кускусу келет, же тескерисинче, тамак көп жегиси келип калган симптомдор болот. Жарандар көңүлү тынч болуш үчүн атайын эндокринологго барып көрүнүп, консультация алып койсо жакшы.

Кант диабети менен ооругандар инсулин алып турат. Анын зыяны жок, эгер контроль жок болуп кетсе, канттын деңгээли түшүп кетиши мүмкүн. Болгон зыяны ошол. Жакшы жагы — көздүн көрүүсүнө, бөйрөк, боорго жакшы. Кантты нормада кармайт.

«Бизге энергия керек, ал үчүн биз тамак жесек, клетканы энергия, глюкза менен толтуруш үчүн инсулин керек», -дейт ал.

Анын айтымында, фитнес клубка барып, машыгып турса жакшы. Себеби, инсулин жөнгө салынат. Бирок травма алуудан, денени тыттыруудан абайлаш керек. Ыңгайлуу бут кийим кийүү керек.  Себеби, жараат болуп калса, инфекция кирип кетиши мүмкүн.

Кант диабетинен жабыркагандар үчүн байтапканаларда мектептер бар, ошол жактардан да кеңеш алса болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM