Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Асыкеев менен Түгөлбаев көңүл жубатуучу беттешке чыгат

Кыска кабар , Спорт | 7 Окт 2021 | 382 | 0

Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышып жаткан грек-рим күрөшү боюнча балбандар Кайрат Түгөлбаев (77 кг) менен Калидин Асыкеев (82 кг) көңүл жубатуучу беттештерге чыгат.

Аталган балбандар бүгүн, 7-октябрда таймашка чыккан: Кайрат Түгөлбаев квалификациялык айлампада азербайжандык Сенан Сулеймановго жана 1/8 финалда Калидин Асыкеев азербайжандык балбан Рафик Хусейновго жеңилип калган. Кыргызстандык спортчулар аларды уткан балбандар мелдештин финалына чыккандыктан көңүл жубатуучу беттеште күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Кыргызстандык балбандар көңүл жубатуучу кармаштарда жеңе ала турган болсо, коло байге үчүн күрөшүшөт.

Көңүл жубатуучу беттештер эртең, 8-октябрда өтүп, саат 14:30да башталат.

Белгилей кетсек, бүгүн килем үстүнө Сардарбек Конушбаев (55 кг) менен Руслан Царев (72 кг) да чыккан. Бирок аларды жеңген балбандар жарым финалда атаандаштарына утулуп калгандыктан, биздин эки балбан көңүл жубатуучу кармашка чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

 

Калидин Асыкеев

Кайрат Түгөлбаев

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM