Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: Өлкөдөгү ишкерлерди бир аянтчага чогулткан Бизнес-Караваны иш-чарасы өтүүдө

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 520 | 0

Жалал-Абад шаарында бүгүн, 6-октябрда алгачкы жолу бардык региондорду камтыган БИЗНЕС-Караван иш-чарасы өтүп жатат. Анда өлкөдөгү ишкерлер баары бир аянтчада чогулду. Бул тууралуу Ишкердикти колдоо борборунан кабарлашты.

БИЗНЕС-КАРАВАН – бул региондогу ишкерлердин ортосундагы байланышты жакшыртуу жана туруктуу бизнес өнөктөшкө багытталган өлкөнүн жалпы ишкерлеринин жолугушуу аянтчасы.Иш-чаранын максаты –  региондогу ишкерлерге колдоо көрсөтүү, рыноктогу акыркы маалыматтар, трендтерден кабардар кылуу, региондогу туризм тармагына көңүл буруу, тажрыйбалуу спикерлерди чакырып аларды шыктандыруу, өнөктөш, инвестиция тартууга көмөктөшүү, өлкө ишкерлеринин  маалымат алмашуусун, байланыш аятнчасын түзүү болуп саналат.

Бизнес-Караванга өлкөдөгү белгилүү спикерлер: JIA Бизнес-ассоциациясынын аткаруучу директору Фархад Пакыров, Бизнес Омбудсмендин орус басары Нурлан Мусуралиев, “Аман Грин Фуд” компаниясынын жетекчиси Кадыр Алы, “Дауд-АС” компаниясынын негиздөөчүсү Улан Тазабеков ж.б ишкерлер сөз сүйлөп, кеңештери менен бөлүшүү үчүн чакырылган.

Эки күнгө созулган иш-чарада:

  • Региондогу ишкерлерди колдоо;
  • Бренд: региондогу туризмди брендге айлантуу;
  • Өнөктөш жана инвестиция табуу, экспорт
  • Рыноктогу жаңы тренддер жана мүмкүнчүлүктөр тууралуу талкууланат.

Иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык Кеңсесинин каржылык колдоосу менен Ишкердикти колдоо борбору (ИКБ) тарабынан уюштурулууда. Борбор JIA Бизнес-ассоциациясынын демилгеси жана ЕККУнун колдоосу астында чакан жана орто бизнести өнүктүрүү максатында ишмердүүлүк жүргүзүп келет.

⠀Толук маалымат алуу жана суроолор боюнча: +996 776 376 744,  +996 551 376 744 (Мамарайым кызы Перизат)

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM