Балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын жарым финалында атаандашына утулуп, коло байге үчүн күрөшө турган болду.
Жарым финалда ал эстониялык Эпп Мяэге жеңилип калды.
Коло үчүн күрөш эртең, 6-октябрда өтүп, беттештер саат 22:00дө башталат.
Айпери Медет кызы килем үстүнө бүгүн, 5-октябрда чыккан. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында болгариялык Мария Оряшкованы 10:0, андан кийин чейрек финалда орусиялык Марина Суровцеваны да 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алган.
Белгилей кетсек, бүгүн Дүйнө биринчилигинин финалында эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев (70 кг) жана балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) алтын үчүн күрөшөт. Финалдык беттештер саат 22:00дө башталат, аны www.uww.org сайтынан түз эфирде көрө аласыз.