Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Балбан Алибек Осмонов коло үчүн күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Окт 2021 | 452 | 0

Бүгүн, 3-октябрда Осло шаарында (Норвегия) өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов (65 кг) жарым финалда атаандашына жеңилип, коло байге үчүн күрөшө турган болду.

Жарым финалда Осмонов ирандык балбан Амирмохаммад Бабак Йазданичерати менен күрөшүп, ага 4:5 эсебинде жеңилип калды.

Коло үчүн күрөш эртең, 4-октябрда өтөт. Кармаштар 22:00дө башталат. Беттештерди www.uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Эскерте кетсек, Осмонов таймашты квалификациялык айлампадан баштаган. Биринчи беттешинде франциялык балбан Марван Ахмед Йеззаны мөөнөтүнөн мурда жеңген.

1/8 финалда ал бразилиялык балбан менен күч сынашып, аны биринчи бөлүктө 12:2 эсебинде утуп алган.

Ал эми чейрек финалда ал украиналык Василий Шуптар менен күрөшүп, аны 5;3 эсебинде жеңген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM