Биз менен байланышыңыз

Дүйнө чемпионаты: Алибек Осмонов биринчи атаандашын жеңди

Кыска кабар , Спорт | 3 Окт 2021 | 475 | 0

Бүгүн, 3-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбан Алибек Осмонов (65 кг) биринчи кармашында атаандашын жеңип чыкты.

Ал кармашты квалификациялык айлампадан баштап, анда франциялык балбан Марван Ахмед Йеззаны таймаштын экинчи бөлүгүндө мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

1/8 финалда ал бразилиялык балбан менен күч сынашат.

Айта кетсек, 79 килограмм салмакта күрөшкөн балбан Арсалан Будажапов алгачкы беттешинде орусиялык Радик Валиевге жеңилип калды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM