Биз менен байланышыңыз

Баткенде Аскер прокуратурасынын административдик имаратынын курулушу башталды

Кыска кабар | 3 Окт 2021 | 858 | 0

Баткен шаарында Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын административдик имараты жана сегиз батирлүү кызматтык турак үйү курула баштады. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Имараттын пайдубалына капсула салууга облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасы Кадамжай шаарында иштеп келген. Аталган кызматтын өзүнүн атайын имараты болгон эмес. Акыркы чек ара окуяларынан кийин Аскер прокуратурасын Баткен шаарына алып келүү демилгеси көтөрүлгөн. Ага байланыштуу Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгы Аскер прокуратурасынын административдик имаратын жана сегиз батирлүү кызматтык турак үйдүн курулушуна тендер жарыялаган. Аны «Араван-Ремстрой» ЖЧКсы утуп чыккан.

Имарат жылдын аягына чейин бүткөрүлүп, пайдаланууга берилүүсү күтүлүүдө. Курулуштун сметалык баасы 31 млн 102 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM