Биз менен байланышыңыз

Дүйнө биринчилиги: Бүгүн Алибек Осмонов менен Арсалан Будажапов күрөшөт

Кыска кабар , Спорт | 3 Окт 2021 | 374 | 0

Бүгүн, 3-октябрда Осло шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигинде эркин күрөш боюнча балбандар Алибек Осмонов (65 кг) менен Арсалан Будажапов (79 кг) килем үстүнө чыгат.

Эки балбан тең биринчи беттештерин квалификациялык айлампадан баштайт.

Алибек Осмонов биринчи кармашында франциялык балбан Марван Ахмед Йезза менен күч сынашат. Ал эми Арсалан Будажапов орусиялык балбан Радик Валиев менен күрөшөт. Белгилей кетсек, кызытма чырына байланыштуу орусиялык балбандар бул мелдеште Орусиянын Олимпиада комитетинин туусунун алдында чыгат.

Кармаштар саат 14:30да башталып, аны www.uww.org сайтынан түз эфирде көрүүгө болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM