Биз менен байланышыңыз

Асель Шерниязова «Алтын глобус» ассоциациясына мүчө болду

Кыска кабар | 3 Окт 2021 | 357 | 0

Асель Шерниязова Голливуддагы чет элдик басылмалар ассоциациясына («Алтын глобус») мүчө болду.

Ал аталган уюмга Борбор Азиядан кирген алгачкы мүчө болуп калды. Шерниязова менен бирге ассоциацияга дагы 21 мүчө кошулган.

Асель Шерниязова Лос-Анжелестеги ASIAN WORLD FILM FESTIVAL кинофестивалынын негиздөөчүлөрүнүн бири жана анын башкаруучу директору.

«Алтын Глобус» — Голливудагы чет элдик басылмалар ассоциациясы тарабынан кино жана телевидение тармактары боюнча тапшырылган сыйлык. Ал 1944-жылдан бери тапшырылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM