Биз менен байланышыңыз

Акжол Махмудов машыктыруучусуна унаа белек кылды

Кыска кабар , Спорт | 3 Окт 2021 | 2099 | 0

Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүщ байге уткан балбан Акжол Махмудов машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовго Lexus GX 460 унаасын белек кылды. Бул тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына спорт журналисти Тахир Гафуров жазды.

Учурда Мейрамбек Ахметов Норвегиянын борбору Осло шаарында болуп, күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында калыстык кылып жаткандыктан Махмудов унаанын ачкычын машыктыруучусунун жубайына тапшырган.

Спортчу унаа үй-бүлөсүнүн атынан берилип жатканын белгилеп өттү.

Спорт журналисти Тахир Гафуров жана Айжол Махмудов

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM