Биз менен байланышыңыз

COVID-19: 86 бейтап айыгып чыкты, каза болгондор жок

Кыска кабар | 3 Окт 2021 | 452 | 0

Бүгүн, 3-октябрга карата Кыргызстанда коронавирус 60 адамдан табылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Аймактар боюнча алганда, коронавирус Бишкек шаарында — 28, Чүй облусунда — 11, Ош шаарында — 2, Талас облусунда — 4, Нарын облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 10, Жалал-Абад облусунда — 3 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 86 бейтап коронавирустан айыгып чыккан.

Коронавирустан каза болгондор жок.

Бүгүнкү күнү өлкөнүн ооруканаларында 436 адам, ал эми амбулатордук түрдө 743 бейтап дарыланууда.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктурган жалпы 178 миң 740 учур катталды. Анын ичинен 173 миң 471 адам оорудан айыгып чыкты, 2 миң 607 бейтап каза болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM