Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан Орусиядан 2-3 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландоодо

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 492 | 0

Кыргызстан Орусиядан 2-3 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алууну пландоодо. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Ал учурда Токтогул суу сактагычында суу аз болуп жатканын айтып, калкты электр энергиясын үнөмдүү пайдаланууга чакырды. Аны менен бирге Аалиев сырттан электр энергиясын сатып алууга туура келип жатканын айтып өттү. Маселен, азыркы тапта электр энергия Түркмөнстандан сатылып алынууда.

«Учурда Орусиядан 2-3 млрд кВт/саат электр энергиясын сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүлүүдө. Ал Казакстан аркылуу келет. Бул пландарыбыз ишке ашса, жазга карата (Токтогулдагы суу – ред. ) 8,5 млрд куб метр суу менен чыгабыз. 2022-жылы суу тартыш мезгил өтсө, (суу сактагычта келерки кышка карата – ред.) 15-16 млрд куб метр суу топтолот деп күтүп жатабыз», — деди ал.

Copyright © 2017 Maral FM