Биз менен байланышыңыз

Паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчу алтын утту

Кыска кабар , Спорт | 1 Окт 2021 | 457 | 0

Түркияда өткөн паратриатлон боюнча Дүйнө кубогунда кыргызстандык спортчу Нурбек Тойчубаев (PTS4 классы) алтын медаль утту. Бул тууралуу Кыргызстандын триатлон федерациясынан билдиришти.

Бул медаль Кыргызстандын дүйнө мелдештериндеги биринчи алтын байгеси. Буга чейин Тойчубаев Азия чемпионаты жана Дүйнө кубокторуна катышып күмүш жана коло байгелерди утуп келген.

Ошондой эле көзү азиздер арасында (PTVI классы) Жалалдин Абдувалиев менен аны коштоочусу Андрей Ханадеев алтынча орун алышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM