Биз менен байланышыңыз

Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев депутаттыкка талапкерлигин койду

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 710 | 0

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка талапкерлигин койду.

Сагымбаев Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз округу боюнча депутаттыкка талапкер болгон.

Эскерте кетсек, УКМКнын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Ал 2019-жылы Кой-Таштагы окуялардан кийин камакка алынган. Былтыр октябрь окуялары учурунда Алмазбек Атамбаев баштаган саясатчылар менен катар абактан чыгарылып, бирок кайра камалган. Ошол эле жылдын декабрь айында Сагымбаев үй камагына чыгарылган (кийинчерээк сыртка чыкпоо тилкаты менен).

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM