Биз менен байланышыңыз

2-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 297 | 0

Эртең, 2-октябрда Кыргызстандын бардык аймактарында жаан жаап, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +5 … +10;

Талас облусунда түнкүсүн 0  … +5, күндүз +4 … +9;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7 … +12, күндүз +12 … +17;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +8 … +13;

Нарын облусунда түнкүсүн +1 … +6, күндүз +8 … +13 градус болот.

Бишкекте жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4 … +6, күндүз +8 … +10 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM