Биз менен байланышыңыз

Таластагы өкүлчүлүк: УКМК аныктаган коррупциялык схема мурдагы жетекчиликке тиешелүү

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 520 | 0

Президенттин Талас облусундагы өкүлулүгү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин аталган өкүлчүлүктө коррупциялык схема аныкталды деген билдирүүсү боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка ылайык, УКМК өкүлчүлүктүн 2020-жылга чейинки иши боюнча текшерүү жүргүзүп, ошол учурдагы коррупциялык схема ачыкталган.

«Ал коррупциялык схеманын президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн азыркы жетекчилигине эч кандай тиешеси жок», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 29-сентябрда УКМК облустук администрациянын айрым кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өкүлчүлүктүн имаратынын кеңселерин ижарага бергенден түшкөн акчаларды өөнөп жүргөнү аныкталганын билдирген.

Ошондой эле өкүлчүлүктүн карамагындагы облус башчысы жашай турган кызмат үйүн кайтарууга жана коммуналдык кызматына мамлекеттик бюджеттен акча төлөнүп турганы ачыкталганын кабарлаган.

Мунун айынан мамлекетке 15 млн сом зыян келтирилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM