Биз менен байланышыңыз

Экономика министрлигинин имаратында 1,8 млн сомго оңдоо иштери жүргүзүлөт

Кыска кабар | 1 Окт 2021 | 382 | 0

Экономика жана каржы министрлиги Чүй проспектисиндеги (№106) имаратында оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Оңдоо иштери үчүн министрлик 1 млн 842,2 миң сом караштырган.

Тендер бүгүн, 1-октябрда жарыяланып, сынактык арыздар 15-октябрга чейин кабыл алынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM