Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоо: Талапкерлердин саны 62ге жетти

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 1 Окт 2021 | 445 | 0

28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышууну каалаган талапкерлердин саны 62ге жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

62 талапкердин баары шайлоого өз алдынча аттанышууда. Азырынча партиялар бир мандаттуу округ боюнча өз талапкерлерин сунуштай элек. Белгилей кетсек, шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округга талапкерди партиялар да көрсөтө алат.

Эскерте кетсек, 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM