Биз менен байланышыңыз

Дарыгер: Ангинасы бар баланы муздак нерселерден алыс кармоо зарыл

Кыска кабар , Мединфо | 1 Окт 2021 | 540 | 0

Ата-эне жаш баласынын ангинасы кайра кармабасын десе, дарыгер жазып берген дарыны үзбөй бериши керек. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын отоларингология бөлүмүнүн дарыгери Айжан Батырова «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк адамдар 7 күнгө жазылган дарыны толук ичишпейт.

«2-3 күндө жакшы болуп калып, дарыны токтотуп койгон учурларды практикада көрүп жүрөбүз. Анткени өзүн жакшы сезип калат, дене табы көтөрүлбөй калат. Анан ичпей коет. Мындай учурда ангина кайра кайталана берет. Антибиотиктерди толук ичиш керек деп биз эмнеге айтып келебиз? Антибиотиктер бактерияларды өлтүрүп баштаганда, 3-4 күндөн кийин кайра ичпей койсо, жалпак тил менен айтканда, өлүп келаткан бактериялар кайра тирилип, кийин ошол дарыны тоотпой калат»,- дейт дарыгер.

Ал ошондой эле, кайсы оору болбосун, биринчи кезекте анын кайра пайда болуу себебин жок кылуу керектигин белгиледи. Мисалы, ангинаныкы муздак нерселер. Демек, баланы муздак абадан, тердеп, кайра үшүгөндөн, муздак суудан алыс кармоо керек. Жана ангина жугуштуу оору болгондуктан, ооруган адамга жолотпоо зарыл .

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM