Ангинаны өз убагында дарылабай койсо, коркунучтуу ооруларга алып келет. Бул тууралуу Улуттук госпиталдын отоларингология бөлүмүнүн дарыгери Айжан Батырова «Маралдын» эфиринде билдирди.
Анын айтымында, ангина- курч жугуштуу оору. Ал климат өзгөргөндө, же адам катуу үшүп калганда пайда болушу мүмкүн, же оорулуу адамдан жугат. Кичинекей балдарда болсо, мурдунан суу агып калганда, суюктук мурун аркылуу таңдайга барып, кычыштырганда ангина пайда болот.
«Ангинага чалдыгуунун дагы бир себеби — травма. Мисалы, туура эмес, же шашып тамак жеп алганда, тамакта бир нерсе туруп калгандай сезим болот. Анан айрымдар ал сезимди жок кылыш үчүн колун оозуна салып, тырмашат. Болбосо, балыктын кылканы туруп калганда, көптөрү өздөрү алам деп аракет кылышып, травма болуп калат. Ал эми ошол убакта колдо инфекция болушу мүмкүн. Аны таза миндалинага тийгизгенде, травма алган жерден инфекция кирип кетип, ангина оорусуна алып келет. Мындай учурларды биз практикадан көп кездештиребиз», -дейт ал.
Ангинаны медицина «өнөкөт тонзиллит» деп айтышат. Дарылаганда убактылуу айыккан менен, өнөкөт болуп калып калат. Кийин вируска же бактерияга кичине шарт болуп калса, дароо өсүп кетет да, ангина оорусу кайра эле пайда боло берет. Өз учурунда дарылабай койсо, өтүшүп кетет.
«Көп жолуктурганыбыз — паратонзиллярдык абсцесс. Анда тамактын ички тарабында да ириң толуп калат. Бейтаптар оозун ача албайт, температура көтөрүлөт, шалдырап бат эле алы кетет. Айрымдар өтө эле өтүштүрүп жиберет, аны моюн флегмонасы деп коет, ириң моюнга түшүп кетет. Анда моюнду сырт жагынан кесип, ириңди алганга туура келип калат. Ал — коркунучтуу оору», -дейт дарыгер.
Эгер ангина бир жылда 4-5 жолу кармаса, ал учурда жүрөк, муундарды кошо оорутса, операция кылып, алып салган оң. Анткени ангинаны А группасындагы бета-гемолитикалык стрептококк чакырат. Ал түздөн-түз жүрөккө жана бөйрөккө зыян келтирет.