Биз менен байланышыңыз

Бишкекте журналист Бабырбек Жээнбеков эскерилди

Коом | 30 Сен 2021 | 876 | 0

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте «Алиби» жана башка бир нече оппозициялык гезиттин негиздөөчүсү, журналист Бабырбек Жээнбековду эскерүү иш-чарасы өттү. Ага маркумдун жакындары, саясатчы, коомдук ишмер, журналисттер жана анын шакирттери катышты.

Иш-чарага катышкандар Бабырбек Жээнбековду жылуу эскерип, ал жасаган иштер, адамдык сапаттары тууралуу сөз кылышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков Бабырбек Жээнбеков ар дайым акыйкатсыздыкка каршы туруп келгенин айтты. Аны менен бирге ал Бабырбек Жээнбековду эскерүүгө мамлекеттик жетекчилердин келбегенин сындады.

«Жакшыны жакшы, жаманды жаман деген инсан болгон. Бир тараптуу жамандагандан, каралгандан алыс адам болчу. Ачуу чындыкты бетке эле айтпастан, аны чечүүнүн жолун да көрсөтүп, сунуштарын бергени менен башкалардан айырмалананчу. Адамгерчилиги бийик, мамилеге бек турган киши болчу. Жаткан жери жайлуу болсун. Мындай адамдарды эскерип турушубуз керек. Ошондой эле адамды тирүү кезинде сыйлаганды жана баалаганды билишибиз зарыл» — деди Келдибеков.

Бабырбек Жээнбековдун кызы Айсулуу Жээнбекова атасы жөнүндө буларды айтты.

«Баарыңыздарга бул жерге колдоп келгениңиздер үчүн чоң рахмат. Сөзүмдү «Атам өлсө өлсүн, атамды көргөндөр өлбөсүн» деген сөз менен баштагым келип турат. Себеби атамды эстеп, кесиптештери ушундай иш-чара аркылуу эскерип жатасыздар. Сиздерге рахмат. Атам жөнүндө жакшы сөздөр айтылды. Ага улай атамдын эки мүнөзү жөнүндө айтпай кетсем болбойт. Ал кишинин тууганчылыгы, кайда болсун жакшылык жана жамандыкта бирге болуп, баарын чогултуп турар эле. Кыргыз тилине болгон сүйүүсү күчтүү адам болгон. Биз шаарда окуп, чоңойсок да үйдө кыргыз тилинде сүйлөөгө, аны баалоого, барктоого үйрөттү десем болот», — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков Бабырбек Жээнбековдун шакирти экенин айтып, аны коомдогу укук бузууларга көз жумбаган, коррупционерлердин бетин ачкан мыкты журналист катары эскерди.

«Кыргыздын эркин журналистикасынын чыгаан өкүлү, мыкты юрист, кара кылды как жарган калыс, мамлекетчил адам, бизге устат болгон. Демократияны жактачу, ачык коом, адилеттүү мамлекет кургусу келген. Болуп аткан укук бузууларды жана өзүм билемдиктерди далай жолу ачыкка чыгарган. Курч жана эч нерседен коркпогон тайманбас журналист болгон» — деди ал.

Иш-чарада Бабырбек Жээнбеков атындагы коомдук фонд түзүлөрү айтылды. Ал фонд укук темасында жазган журналисттерге жыл сайын Бабырбек Жээнбеков атындагы атайын сыйлыкты тапшырып турат.

Ошондой эле эскерүү иш-чарасында Бабырбек Жээнбековдун атын түбөлүккө калтыруу максатында ал туулуп-өскөн Талас облусундагы Манас районунун Арал айылындагы көчөлөрдүн бирине анын ысымын берүү сунушталды.

Белгилей кетсек, Бабырбек Жээнбеков көзү тирүү болгондо быйыл 70 жашка толмок. Ал качкын президент Курманбек Бакиевдин тушунда оппозициялык маанайдагы «Алиби», «Ачык саясат», «Назар» гезиттерин ачып, аталган басылмалар ошол учурдагы оппозициячыл саясатчылардын үнүн элге жеткирип келген.

Бабырбек Жээнбеков оппозициячыл саясатчы Равшан Жээнбековдун атасы болот.

Даярдаган: Орозгүл Аташова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM