Биз менен байланышыңыз

Абакиров: Улуттук банк «Кумтөрдүн» алтынын сатып ала албайт (себептери)

Кыска кабар | 30 Сен 2021 | 494 | 0

Экономика министринин мурунку орун басары, 2010-жылдары Улуттук банктын «Банктык көзөмөлдөө» башкармалыгын эксперти болуп иштеген Эльдар Абакировдун айтымында, Улуттук банк «Кумтөрдүн» алтынын сатып ала албайт. Мунун бир канча себептерин «Марал» радиосунун «Күн чабыт» талкуу программасында билдирди.

«Кумтөрдүн» алтынын Улуттук банк сатып ала албайт, Сот  иштери бүтө элек жатып, Улуттук банк «Кумтөрдүн» алтынын сатып алса, бул жалпы Кыргызстандын экономикасына, Улуттук банктын резервдерине, сомго таасир этет. Ошон үчүн Улуттук банк алтынды түзмө-түз сатып албаганы, менимче, туура эле. Сатып алгандан баштап, бизге ар кандай санкциялар киргизилиши мүмкүн, ага жол бербеш керек. Ал алтынды башка жолдор менен сатып алып, сатыш керек. Эгер Улуттук банктын төрагасы «Кумтөрдүн» алтынын сатып албайт деген жүйөө менен жумуштан кетирилсе, менин жообум ушул. Улуттук банктын алтынды сатып алуусу бүгүнкү күндө кооптуу», -деди Абакиров.

Кошумчалай кетсек, буга чейин «Кумтөрдүн» алтынын Улуттук банкка сатуу боюнча кеп болгон. Анда кечээ кызматтан кеткен төрага Толкунбек Абдыгулов Улуттук банк «Кумтөрдүн» алтынын сатып албай турганын айткан.

Эльдар Абакиров: Фроловду Кыргызстандын Улуттук банкына жолотпош керек

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM