Биз менен байланышыңыз

Бишкекте өтүүчү «JIGER 2021» форумуна 400дөй жаш ишкер катышат

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Сен 2021 | 407 | 0

Бишкекте 7-октябрда «JIGER 2021» аталышындагы Жаш ишкерлер форуму өтөт. Бул тууралуу аталган форумдун координатору Эрназар Шаршенбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Маалыматка караганда, иш чарага 400гө жакын жаш ишкерлер чогулат. Уюштуруучулар мындай форматтагы форум Кыргызстанда алгачкы жолу өткөнү жатканын белгилешти.

«Форумдун биринчи плюсу нетворкинг, башкача айтканда, бири-бири менен таанышуу, жаңы байланыштарды түзүү. 400гө жакын ишкер чогулса, алардын бардыгы менен таанышууга мүмкүн болот. Экинчиси, спикерлер. Аларды экиге бөлүп карадык. Биринчиси мотивациялык, экинчиси маалыматтык. Маалыматтык блогунда тренддер, технологиялар жөнүндө сүйлөшөбүз. Жакынкы аралыкта жана алыскы келечекте кайсы бизнестер актуалдуу болот, кайсы тармак көбүрөөк өнүгөрү тууралуу маалымат беребиз. Мотивациялык сүйлөшүүдө бизнестин ысык-суугун көргөн ишкерлер өздөрүнүн окуяларын айтып беришет. Кандай ката кетиргени тууралуу, эмнени кылыш керек, эмне кылбаш керектиги тууралуу кеңеш, дем-күч берилет», — дейт Шаршенбеков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM