Биз менен байланышыңыз

Министр: Дан азыктарынын тартыштыгын алдын алуу иштери жүрүүдө

Кыска кабар , Пикирлер | 29 Сен 2021 | 367 | 0

Быйылкы жылы дан эгиндеринин дүң жыйымын ойлогондой ала алган жокпуз. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылы жаратылыш шартынын катаалдыгынан жана вегетация мезгилинде сугат суунун тартыштыгынан болжолдонгон түшүм алынган жок. Ошондуктан Министрлер кабинетинин чечими менен дан азыктарын сатып алууга 1 млрд 500 млн сом акча бөлүндү. Андан тышкары 300 млн сом кайтарым акчанын эсебинен дагы Кыргызстанга азыктык буудайды сатып алуу чечими кабыл алынып, азыркы күндө өлкөгө алынып келип жатат.

«Бул — абдан туура кабыл алынган чечим. Анткени кооптонуу бар. Ички базарда дан эгиндерине жана нан азыктарына баа кымбаттап кете турган болсо, бааны ордуна келтириш үчүн кыска интервенциялар жүрүш керек. Ал үчүн Материалдык резервдер кампасында ошол көлөмдөгү дан азыктары туруш керек. Бул чечим эртеңки күнгө дан азыктарына болгон кооптонууну жокко чыгарат», -деди министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM