Connect with us

«Элге интернетти туура колдонууну үйрөтүш керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2021 | 1334 | 0

Биз биринчиден жарандардын баарын интернетке кошконго, экинчиден киберкоопсуздукту камсыздоого көңүл бурушубуз керек. Мындай пикирин «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, азыр интернет колдонгондордун саны элдин 40-50%ын гана түзөт. Ошол себептүү дүйнөлүк желени жарандардын баарына жеткиликтүү кылыш керек. Экинчиден, аларды интернетти туура колдонгонгт үйрөтүшүбүз керек.

«Жарандардын жеке маалыматтары интернетте ачыкка чыгып калса, криминалдар аны колдонуп жибериши мүмкүн. Силердин паспорт менен кредит алып ийиши мүмкүн, же банктагы эсебиңерге жол таап, акчаларды которуп коюшу мүмкүн. Ошондуктан биз элдин баарын интернетке кошушубуз керек, анан туура колдонгонго үйрөтүшүбүз керек», -дейт Султанов.

Ал учурда киберкоопсуздук боюнча жакшы кадамдар болуп жатат деген ойдо.

«Жакында эле УКМК Түштүк Корея менен бирге киберкоопсуздукка көңүл бурары айтылды. Бул — жакшы көрсөткүч. Анткени Корея дүйнөдө бул жагынан лидер», — деди ал.

 

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM