Биз менен байланышыңыз

«ТикТокту жаппастан, пайдалуу ишке колдонсок болот»

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2021 | 1383 | 0

Интернеттеги TikTok сыяктуу сервистерди жапкандан пайда жок. Мындай пикирин «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, «ТикТокту» жаппай эле, аны кантип пайдалуу кылып колдонсо болорун ойлонуш керек.

«Мисалы, биз «Кыргыз интернет» коомунда TikTok аркылуу  кичине балдарга англис тилин, же физиканы үйрөтүп жатабыз. Жаш балдар «ТикТокто» отурса, биз аларды таап, туура маалымат жеткиргенге аракет кылып жатабыз. Бүгүн аны жапсак, эртең ошого окшош башкасы чыгат, биз баарын жаап жетишпейбиз», — дейт ал.

Ал эми Google сыяктууларга салык салуу жагын карасак, анын плюстарын да, минустарын да карап көрүш керек.

«Кыргызстан Google  үчүн чоң деле рынок эмес. Салык салабыз десек, алар кетип деле калышы мүмкүн. Эгер биз алар менен диалог түзүп, Кыргызстанга жакшыраак программаларды жасап бергиле десек, пайдалуу нерселерди алып келиши мүмкүн. Мисалы, алар буга чейин кыргыз тилин котормо кылып иштеп чыккан, жолдорду картага салып берген», — деди Султанов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM