Биз менен байланышыңыз

Талант Султанов: Зардалы айылы жакында интернетке кошулат

Кыска кабар , Пикирлер | 24 Сен 2021 | 1242 | 0
Фото: Актилек Гүлжигит кызы

Баткендин Зардалы айылы жана мектеби жакын арада интернетке кошулат. Бул тууралуу  «Кыргыз интернет» коомунун жетекчиси Талант Султанов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, айыл алыскы аймакта жайгашкандыгына, электр жарыгы, жол жок экенине карабастан, технология жагынан оор болгон жок. Айылга интернет киргизүүгө каражат деле оңой табылды. Оорчулукту Кыргызстандын мыйзамдары жаратты.

«Анткени сен Бишкекте интернетти улайсыңбы, же алыскы, кыйын жерлерди интернетке улайсыңбы, бир эле мыйзам экен. Мисалы, радиотолкундарды алуу үчүн лицензия алуу, зым алып келебиз десек, мамынын ижарасынын баасы Бишкек менен айылдарда бирдей. Ошон үчүн айылдарга интернет алып келиш Бишкекке караганда көп эсе кымбатка түшөт экен, ал эми кирешеси Бишкекке салыштырмалуу аябай эле төмөн. Ошондуктан 2 башка: шаарларга бир мыйзам, ушундай тоолуу, алыскы аймактарга жеңилирээк мыйзам болуусу керек деп ойлойм», — дейт ал.

Талант Султанов башында Зардалыны интернетке кошуу ыкчам эле болот деп ойлогонун, бирок ал жакта лицензиясы бар операторду издөөгө, радиотолкундары кимде экенин издөөгө көп убакыт кеткенин айтат.

«Азыр жергиликтүү жарандар менен чогуу иштешип, бүт даярдап атышат. Биз ойлойбуз, жакында мектеп дагы, айыл дагы интернетке кошулат. Эгерде ошол жакта жакшы иштеп кетсе, Зардалы Кыргызстанга эле эмес дүйнөгө жакшы мисал болушу мүмкүн», -деди Султанов.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM