Биз менен байланышыңыз

Мануалист: Азыркы балдарда сколиоз, кифоз көп кездешет

Кыска кабар , Мединфо | 24 Сен 2021 | 511 | 0

Көпчүлүк учурда массажды дарыгердин кеңешисиз, өз алдынча алганга болбойт. Бул тууралуу дарыгер-мануалист Данияр Эгинбаев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, укалоонун пайдалуу жактары менен катар эле, терс жактары дагы бар. Мануалисттер келген адамга массаж жасоого болор-болбосун кылдат текшеришет.

«Азыр гиподинамия деп коебуз, кыймыл-аракет аз, көбүнчө отуруп иштешет, жөө жүрүшпөйт, көнүгүүлөрдү жасашпайт. Мындан улам булчуңдар ката баштайт. Мындайда денени бошотуучу массаж алып койсо болот. Бирок аны алып жатканда дагы башка оорулары бар болсо, ошолорго маани бериш керек», -дейт дарыгер.

Ал массаждын эң пайдалуу жагы катары денедеги лимфа системасынын иштөөсүн күчөткөнүн белгиледи. Анын айтымында, лимфа системасы жакшы иштеп турган адамга вирустук оорулар, жугуштуу оорулар жукпай, дени сак болот.

«Азыркы балдарда бели ийилген, сколиоз, кифоз деген диагноздор көп. Алар көп убакыт мектепте отурушат, үйдө сабак жазышат. Мурун көнүгүүгө көп маани берсе, азыр убакыттын тардыгынан класста балдар көп отуруп, жөнөкөй эле санитардык нормаларды сакташпайт. Мугалимдер көнүгүүнү көп жасатышпайт. 2 саат сабак катары менен уланса,  жок дегенде 5 мүнөт көнүгүү жасап турушса, андай оорулар аз болмок. Кыймыл-аракеттин аздыгынан омуртка оорулары көп пайда болуп жатат», — дейт мануалист.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM