Биз менен байланышыңыз

УКМК юрист Нурбек Токтакуновдун айткандарын төгүндөдү

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 313 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети юрист Нурбек Токтакуновдун коррупцияга каршы күрөштөн өндүрүлгөн акча уурдалып жатат деген билдирүүсүн төгүндөдү.

УКМК билдиргендей, Токтакунов калп айтып, өзүнүн атын чыгаруу аракетин көрүп жатат.

Атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында өңдүрүлгөн акча тууралуу маалыматты ачык берип келе жатканын белгилейт.

Ошондой эле келтирилген зыян үчүн акчаны өндүрүп алуу мыйзамда белгиленген тартип боюнча жүргүзүлөрүн, кылмыш иш боюнча тиешелүү чечимдер чыккандан кийин акча толук өлкө бюджетине которуларын билдирет. Зыяндын ордун толтуруу үчүн алынган мүлктөр Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына өтөрүн кошумчалайт.

Эскерте кетсек, Нурбек Токтакунов коррупция менен күрөштө өндүрүлгөн акча республикалык бюджетке которулбастан укук коргоо органдарынын депозиттик эсебинде калып, уурдалып же бийликтеги адамдардын кызыкчылыгы үчүн иштетилип жатканын айтып чыккан. Токтакунов бул билдирүүсүн Экономика жана каржы министрлигинин «коррупцияга каршы күрөштөн алынган каражат бюджетке түшкөн эмес» деген жообуна таянып жасаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM