Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда жумушсуздар көбөйдү

Коом | 23 Сен 2021 | 1319 | 0

Бүгүн, 23-сентябрда Бишкек шаарында «Бош жумуш орундар жана окутуу жарманкеси» болуп өттү. Анда жумуш издеген жарандар үчүн 3 миңге жакын ваканция сунушталды.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда август жана сентябрь айында расмий жумушсуз деп катталган жарандардын саны 80 миңден 104 миңге өстү. Айрыкча, Жалал абад, Баткен облустарында жана Бишкек шаарында жумушсуз жарандар көп.

Ошол эле учурда Кыргызстанда ишсиз деп катталбаган, жумушу жок болгон адамдардын саны 10 эсеге көп. Анын айынан миллионго жакын жаран чет жерге жумуш издеп кеткен. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда эмгектенет.

Бош жумуш орундарынын жарманкеси да Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы жана Кыргызстандагы элдик окутуу ассоциациасы тарабынан жумушсуздук маселесин аз да болсо чечүү максатында өткөрүлдү.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-бек Бектургановдун айтымында, борбор калаага жакын жерлерде алыскы аймактарга салыштырмалуу жумуш табуу оңой.

«2020-жылдын май айында жүргүзүлгөн алдын ала эсептөөлөргө ылайык 700 миңге жакын адам же болжол менен каатчылыкка чейин иштеген ар бир үчүнчү адам жумуштан убактылуу бошотулган. Бул бош жумуш орун жарманкеси – жарандарды ишке орноштуруу боюнча активдүү саясаттын инструменттеринин бири, иш берүүчүлөр жана жумуш издөөчүлөр менен жолугушуу аянтчасы десек болот», — деди ал.

Учурда Кыргызстанда айдоочулар, тоо-кен өнөр жай, курулуш, тигүү тармагына жумушчулар керек болуп, тиешелүү адистер жетишсиз.

Элди окутуу ассоциациясынын жетекчиси Чолпон Карагул кызынын айтымында, аталган уюм беш жылдан бери ишсиз жарандарды окутуп, жумуш таап берүүгө да шарт түзүп келет.

«Бүгүнкү жарманкенин максаты Кыргызстанда чоңдорду окутуу жана жумуш издеген адамдар өздөрүнө каалаган жумушту таап алганга шарт түзүү болуп саналат. Жарманкеге окуу жайлар, кесиптик лицейлер катышып жатат. Жарманкеге келип, өзүбүзгө керектүү адистерди таап алдык деп айткандар да бар», — дейт ал.

Өзүнө жумушчуларды издеген «Текстиль транс» ишканасы да жарманкеге катышууга келген. Ишкананын кадрлар бөлүмүнүн башчысы Элвира Мураталиеванын айтымында, аларда 1,5 миң адам иштейт. Андан тышкары аларга дагы эки жүздөн ашык жумушчу керек.

Даярдаган Орозгүл Аташова

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM