Биз менен байланышыңыз

«Темир жолду Кытай куруп, Кытай башкаруусуна жол бербөө керек»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2021 | 723 | 0

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу салынып калса, Кыргызстанга терминал курулат. Бул тууралуу Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, аларды кыргыздар иштетет, саясатын кыргыздар чечет. Ошондуктан Кыргызстандын да таасири болот. Экинчиден, долбоордун варианттарын караганда, 1-вариантында Кытай өзү куруп, өзү башкаруусу каралган. Бул өтө коркунучтуу.  Ошондуктан сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан мезгилде Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын коргошу керек.

«Менин жеке пикиримде, бизнес-планды абдан дыкат, абдан билимдүү жасаса, ошонун жыйынтыгы менен эле канча миллион же миллиард пайда түшөрү көрүнүп калат. Эгер миллиарддаган пайда түшөрүн эл аралык деңгээлде иштеген ишкерлер билчү болсо, алар дароо келишет. Ошон себептүү бизнес-планды сапаттуу жазышыбыз керек. Кыргызстанда бизнес-планды мыкты жаза алган жигиттер бар. Бирок мамлекет андай прогрессивдүү балдарды ал ишке тартары күмөн. Эгер бул долбоордон пайда түшөрүн капиталисттерге көрсөтө албасак, анда сөз боюнча кала берет», — дейт Шабданалиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM