Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстанда темир жол менен 2% эле жүк ташылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2021 | 850 | 1

Темир жол курулса, экономикалык, транспорттук, транзиттик эркиндик алмакпыз. Мындай пикирин Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанда темир жолдо 2% эле жүк ташылат. Эгер «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу ачылчу болсо, % көбөйөт. Анда темир жол чын эле экономиканын өзөгү болуп калат. Темир жол багытында да бизде эркиндик пайда болот. Ал болсо, бизге дагы 3-4 эркиндик алып келип туруп, саясий, экономикалык эркиндикке алып келет.

«Анда биз чынында эле көз карандысыз мамлекетке айланып калышыбыз ыктымал. Ошондон чоң державалар коркушат. Анан эмне үчүн Кытай күтүрөтүп эле жардам берип ийбей жатат? Аларда да ошондой сестенүү бар. Ортодо талаш маселе бар: темир жолдун дөңгөлөгүнүн кенендиги. Кытайда европалык стандарт, бизде орусиялык стандарт. Биз коркпой эле Кытайдын стандарты менен киргизип ийсек, Орусия үчүн кичине болсо да, коопсуздук азаят. Биздин короого киргенден кийин ары жагын ички жолдор пенен өнүктүрүп кетсек болот. Бул да биздин экономикалык өнүгүүбүзгө чоң түрткү берет», -дейт ал.

1 пикир

1 пикир

  1. Камбар

    24.09.2021 10:11

    Темир жолду эч кимдин көзүн карабай эле дүнүйөлүк стандарт менен узкоколейка темир жолдорун куруу керек.
    Кыргызстандын ички темир жолдорунун баарын узкоколейка жолдорго алмаштыруу зарыл.
    Казахстан, Россияга өтүүчү акыркы темир жол станциясына вагондорду узкоколейкадан ширококолейкага алмаштыруучу станция курулат. Бир вагон беш мүнөткө жетпеген убакытта бир жолдон экинчи жолго алмашылып калат. Пассажирлер билбей деле калат, кантип алмашканын.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM