Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө 242 карагай мыйзамсыз кыйылганы аныкталды

Коом | 23 Сен 2021 | 555 | 0

Ысык-Көлдө 242 карагай мыйзамсыз кыйылганы аныкталды. Бул тууралуу Экология жана климат боюнча комитеттен билдиришти.

Жети-Өгуз районундагы Саруу айылынын жарандык активисттеринин Сары-Төрдө бактар мыйзамсыз кыйылып жатат деген маалыматы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 242 карагай мыйзамсыз кыйылганы аныкталган. Келтирилген зыян 444 миң сом деп эсептелген.

Бул фактка байланыштуу тиешелүү документтер милицияга өткөрүлүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM