Биз менен байланышыңыз

«Экселерейт просперитинин» бизнес акселераторунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 724 | 0

Бүгүн, 23 -августта «Экселерейт просперити» (Accelerate Prosperity) Кыргызстандагы энергия жана ресурстарды үнөмдөөчү компаниялар үчүн биринчи инвестициялык бизнес акселераторунун ишин аяктады. Ал Ага Хан фонду жана ЮСАИДдин каржылык колдоосу менен ишке ашырылган «Жергиликтүү өзгөрүштөр» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн.

Бизнес акселераторго катышуу үчүн Кыргызстандагы ишканалардан 64 арыз келип түшкөн. Алардын ичинен 18и тандалып алынган. Алардын ичинде турак үйлөргө энергияны үнөмдөөчү, экологиялык таза технологияларды киргизүү менен алектенген, энергия жана ресурстарды үнөмдөө үчүн IT чечимдерди издеген ж.б. компаниялар бар.

Окуу аяктагандан кийин ар бир компания инвестиция боюнча консультациялык комитетке өз бизнес долбоорлорун тааныштырган. Анын жыйынтыгы менен 50 миң долларга чейинки инвестиция алууга талапкер катары «Зеленый горизонт» жана Begreen компаниялары тандалып алынган. Тиешелүү текшерүүдөн кийин аларга инвестиция берилет.

«Экселерейт просперитинин» бизнести өнүктүрүү боюнча менеджери Бибинур Алибаева бизнес акселератор тууралуу мындай дейт: «Биз энергияны үнөмдөөчү бизнести колдоо менен биз Кыргызстанга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуураак болууга жардам беребиз. Биз жашыл компаниялардын бизнесин чыңдоого салым кошо алганыбызга кубанычтабыз».

Accelerate Prosperity – «Ага Хан» фондундагы өнүгүү уюмунун долбоору. «Жергиликтүү өзгөрүштөр» долбоору «Ага Хан» фонду тарабынан ЮСАИДдин колдоосу менен ишке ашырылууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM