Биз менен байланышыңыз

«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу боюнча президенттин кадамдары туура»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Сен 2021 | 915 | 2

Учурда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун курууну ишке ашырууга реалдуу кадамдар болуп жатат деп айтууга негиз бар. Мындай пикирин Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, долбоорду ишке ашыруу аракеттери буга чейин деле болуп келген. Ал тургай, 3-варианттуу долбоор иштелип чыккан. Бирок сөздөн ишке ашкан эмес. Буга орчундуу себептер бар.

«Өтө чоң жүктүн агымы Кытайдан Казакстан менен Орусия аркылуу кетет. Эгер жаңы жол кура турган болсок, биз аларга конкуренция жараткан болобуз. Ошондуктан, Казакстан менен Орусия өкмөтү буга тымызын бут тосуп жатат. Мисалы, азыр Казакстан аркылуу 2 чек ара өткөөлү бар. Экөө тең темир жолго ылайыкталган. Ал жактан жүктүү поезддер күнү-түнү Кытайдан Европага, Орусияга, казактардын өзүнө кетип атат. Жолдун жарым агымы биз тарапты көздөй бурулчу болсо, казактарга өтө ыңгайсыз. Алар жүктү транзит менен өткөрүп ийгенден да өтө көп пайда табышат. Экинчиден, арзан жүктөр өздөрүнө келип, реэкспорт кылгандан да пайда таап атышат. Андан тышкары жумушчу орундар түзүлүп, инфраструктура өнүгүп атат. Казакстан Кытайдан 5 млрд доллар алып туруп, темир жол багытындагы өткөөлдү курган, ошол каражат акталбай калат», — дейт ал.

Эгер бул темир жол ачыла турган болсо, Кыргызстанга өтө ыңгайлуу болмок. Анда биз Өзбекстан-Түркмөнстан-Тажикстан-Афганистан-Иранга чейин, Түркия аркылуу Европага чыкмакпыз.

«Бул биз үчүн өтө ыңгайлуу жол багыты. Андыктан биз муну аткарышыбыз керек. Президенттин демилгелери абдан туура, туура ыкмаларды колдонуп атат, эл аралык уюмдарга кайрылып атат.  Эл аралык болгондон кийин башкалар ачыктан-ачык кирише албай калат. Ошол себептен президенттин бул багыттагы саясаты абдан туура. Эл аралык уюмдардан, чет өлкөлүктөрдөн колдоо алса, долбоорду иш жүзүнө ашыруу жеңил болот», — деди Шабданалиев.

2 пикир

2 пикир

  1. Камбар

    24.09.2021 09:55

    Бул темир жолду өтө тез арада куруп башташ керек.
    Бизге Европа мамлекеттерине чыгууга өтө ыңгайлуу шарттар түзүлмөк!!!

  2. Жума Кадыр

    27.09.2021 16:00

    Темир жол канчалык эрте
    курулса кыргыз элинин экономиасына чоң салым кошулат,Президенттин демилгесин бардыгыбыз колдошубуз керек.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM