Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 431 | 0

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону, Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, Азиянын 4 жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыргызстандыктарды 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

«Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» дегендей, кыргыз тилинин тарыхы – бул биздин элибиздин тарыхы. Бүгүнкү күндө тил маселеси, мамлекетибиздин негизги багыттарынан болуп эсептелет! Андыктан келгиле достор кыргыз тилинде сүйлөшүп эне тилди өнүктүрөлү! Эне тилин билүү – улутуңа жана тегиңе болгон урмат-сыйдын белгиси», — деп айтылат куттуктоодо.

Эскерте кетсек, 1989-жылы 23-сентябрда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзам кабыл алынып, ага байланыштуу Кыргызстанда 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленип келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM