Биз менен байланышыңыз

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү «Талибан» боюнча позициясын макулдашты

Дүйнө , Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 961 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы боюнча позициясын макулдашты. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Антониу Гутерриш билдирди.

Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон АКШ, Улуу Британия, Франция, Орусия жана Кытай Ооганстанда тынчтык жана туруктуулук болушун колдойт жана гуманитардык жардам дискриминациясыз жана тоскоолдуксуз бөлүштүрүлүшүнө кызыкдар. Аны менен бирге аялдардын жана кыздардын укуктары сакталып, Ооганстан терроризмдин тиреги болбошу зарыл деген позицияны карманат.

Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү талибдерди коомдун бардык өкүлдөрүн камтыган өкмөттү түзүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, талибдер өлкөдөгү бийликти 15-августта басып алып, кийинчерээк убактылуу өкмөттү кураган. Ага негизинен «Талибан» кыймылынын мүчөлөрү кирген. Буга байланыштуу дүйнө коомчулугу талибдердин өкмөтүн тааныган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM