Орусиянын өкмөтү эпидемиологиялык абал жакшырган мамлекеттер менен өз ара аба каттамдарды көбөйтүү боюнча чечим кабыл алды.
Аба каттамдар көбөйтүлө турган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстанда да бар.
5-октябрдан тарта аба каттамдар «Москва – Ош» багыты боюнча жумасына төрт жолу, «Санкт-Петербург – Бишкек», «Санкт-Петербург – Ош», «Новосибирск – Ош», «Красноярск – Ош», «Екатеринбург – Ош» жана «Иркутск – Ош» багыттары боюнча аптасына бир жолудан жүргүзүлүп турат.