Русланбек Акылбеков Бишкек шаарынын вице-мэр кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койгон.
Акылбеков башка ишке которулганына байланыштуу кызматтан бошотулган.
Анын ордуна санариптештирүү жана транспорт боюнча вице-мэр болуп Талайбек Орозов дайындалган.
Русланбек Акылбеков
Талайбек Орозов