Биз менен байланышыңыз

Республикалык бюджет: 2022-жылы киреше 203,6 млрд сом, чыгаша 212,7 млрд сом болот

Кыска кабар | 23 Сен 2021 | 395 | 0

Кечээ, 22-сентябрда Экономика жана каржы министрлигинде 2022-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору жана 2023-2024-жылдарга карата божомолу боюнча коомдук талкуу болуп өттү.

Экономика жана каржы министринин орун басары Алмаз Бакетаевдин айтымында, келерки жылы республикалык бюджеттин кирешеси 203,6 млрд сом, 2023-жылы – 218,8 млрд сом жана 2024-жылы – 231,8 млрд сом болору болжолдонууда.

Ошол эле учурда 2022-жылы чыгаша 212,7 млрд сом болуп, дефицит 9,1 млрд сомду түзөт. 2023-жылы бюджеттин чыгашасы 223,4 млрд сомду түзүп дефицит 8,1 млрд сом жана 2024-жылы 223,5 млрд сом чыгымдалып дефицит 8,6 млрд сом болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM