Биз менен байланышыңыз

«Онлайн-ККМ аркылуу 2 млрд доллардан ашык акча ачыкка чыкты»

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 325 | 0

Онлайн көзөмөл-касссалык машиналарын колдонуу менен 181 млрд сом көмүскөдөн чыгарылды. Бул тууралуу Экономика жана каржы министрлиги билдирди.

Министрликтин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Азат Алманбетовдун айтымында, быйыл 8 айда 350 млрд сомго чек берилген. Былтыр ал сумма 168 млрд сом болгон.

Ал белгилегендей, онлайн-ККМ киргизүү менен мамлекет 181 млрд сомду көмүскөдөн чыгарды.

Учурда Кыргызстанда салык кызматында 21 миңден ашык ККМ катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM