Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун Борко айылында 375 орундуу мектеп курулууда

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 287 | 0

Ош облусунун Борко айылында 375 орундуу мектеп курулууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мектептин курулушу 60%га аяктаган. Учурда жылытуу системасын орнотуу, ички жасалга, суу, канализация тартуу иштери жүргүзүлүүдө.

Мектептин имараты 2020-жылдын январь айында салына баштаган. Аны ушул жылдын аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Курулуш иштерине 1 млн 20,2 миң доллар каралып, азыркы тапта анын 459,1 миң доллары бөлүнүп берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM