Биз менен байланышыңыз

Кыргыз медициналык академиясында биринчи жолу кулак жасалды

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 603 | 0

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын медициналык борборунда биринчи жолу кулак жасалды.

Жасалма кулак келинге жана өспүрүм балага даярдалган.

Отоларинголог, КММАнын медициналык борборунун микрохирургу Шухрат Буваевдин айтымында, жасалма кулак тактыруу кулагынан айрылган адамдарга жардам боло алат.

«Сырткы көрүнүшүнөн тышкары ал угууну бир аз да болсо жакшыртып, угуу аппараттарын, көз айнек тагынууга болот», — дейт ал.

Анын айтымында, жасалма кулак сапаттуу медициналык силикондон жасалып, өңү-түсү, көрүнүшү боюнча адамдын кулагына окшош.

Ал белгилегендей, жасалма кулак Борбор Азияда биринчи жолу жасалып жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM