Биз менен байланышыңыз

23-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 478 | 0

Эртең, 23-сентябрда Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Өлкөнүн калган облустарында жаан жаабайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдиришти.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +5 … +10, күндүз +22 … +27;

Талас облусунда түнкүсүн +4 … +9, күндүз +20 … +25;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10 … +15, күндүз +26 … +31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6 … +11, күндүз +20 … +25;

Нарын облусунда түнкүсүн +2 … +7, күндүз +20 … +25 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +8 … +10, күндүз +25 … +27 градус ысык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM