Биз менен байланышыңыз

Казакбаев Хорватиянын тышкы иштер министри менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Сен 2021 | 216 | 0

Кечээ, 21-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Хорватиянын тышкы жана Европа иштери министри Гордан Грлич Радман менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Казакбаев Хорватия тарапка COVID-19га каршы 20 миң доза вакцина берип жатканы үчүн ыраазычылык билдирген. Учурда өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги вакцинаны алуу боюнча иш алып барууда.

Гордан Грлич Радман мындан мурда Кыргызстан берген кызматташуу тууралуу макулдашуулардын долбоорлору Хорватиянын мамлекеттик органдары тарабынан каралып жатканын билдирген.

Казакбаев хорватиялык делегацияны 5-ноябрда өтө турган «Европа биримдиги – Борбор Азия» экономикалык форумуна катышууга чакырган.

Жолугушууда аймактык коопсуздук маселеси да талкууланган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM