Биз менен байланышыңыз

«Талибан» менен Рахмондун мамилеси чыңалуу абалында»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Сен 2021 | 617 | 1

«Талибан» менен тажик президенти Рахмондун ортосундагы мамиле мындан ары да начарлай берсе, жаман кесепеттерге алып келет. Мындай пикирин саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Тажикстандын президенти менен «Талибан» кыймылынын ортосундагы мамиле мындан 20 жыл мурун эле терс жагына бурулган. Жакында эле Тажикстандын эгемендик алганынын 30 жылдыгына карата Рахмон легендарлуу Ахмад Шах Масудду өлкөнүн жогорку мамлекеттик сыйлыгы «I даражадагы Исмоили Сомони» ордени менен сыйлаганы ортодогу начар мамилени ого бетер күчөттү.

«Рахмондун Ахмад Шах Масудга өлгөндөн кийин кадыр-барктуу сыйлык бергени анын «Талибан» менен мамилесин ого бетер начарлатты. Ахмад Шах Масуд «Талибандын» эң башкы душманы болчу. Рахмон аны Панжшер каршылыгы күч алып турганда сыйлады. «Талибан» менен Рахмондун ортосундагы мамиле коркунучтуу, чыңалуу абалында. Менин оюмча, Тажикстандын жана биздин региондун келечеги менен дал ушул мамилеге байланыштуу болот. Эгер бул мамиле андан ары курчуп, чыңала берсе, Рахмон өзү менен кошо бул согушка ЖККУну, биринчи кезекте Орусияны да аралаштырат»,  — дейт ал.

1 пикир

1 пикир

  1. Pingback: «Талибан» менен Рахмондун мамилеси чыңалуу абалында | Ring.Kg

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM