Биз менен байланышыңыз

Темиркулов: ЖККУ Рахмонду бийликтен кетирүүнү көздөп жатканы айтылууда

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Сен 2021 | 5013 | 0

ЖККУ саммитине Владимир Путиндин катышпаганы Тажикстанга басым көрсөтүү аракети катары бааланууда. Бул тууралуу саясат талдоочу Азамат Темиркулов «Маралдын» эфиринде билдирди.

Эске сала кетсек, 16-сентябрда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Эмомали Рахмондун төрагалыгы алдында ЖККУнун саммити өткөн. Ага ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев жана Кыргызстан президенти Садыр Жапаров катышкан. Орусия лидери Владимир Путин айланасындагы адамдардын арасынан коронавирус табылгандыктан, иш-чарага видео байланыш аркылуу катышары кабарланган.

Саясат талдоочу Путиндин Тажикстанга келбей койгонунун дагы бир себеби катары президент Эмомали Рахмонго басым көрсөтүү экенин айтат.

«Бул маалымат тажикстандык «Азия плюс» басылмасына чыккан. Ал жактан кайра жоголуп кетти. Биздин «Клооп» да аны жазган. Маалыматта президент Рахмонго ЖККУ мүчөлөрү тарабынан басым болуп жатканы, аны кызматтан сүрүп таштоо аракети көрүлүп жатканы айтылган. Андан бийликти башка адамга өткөрүп берүүнү талап кылып жатышат делинет. «Путин да ошол себептен Тажикстанга келбей койгон» деген маалымат айтылды», — дейт ал.

«Путин менен Рахмондун келишпестиги Ооганстанга байланыштуу болушу мүмкүн»

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM